Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Ирактагы массалык башаламандык уланууда


Багдад, 26-октябрь, 2019-жыл
Багдад, 26-октябрь, 2019-жыл

Иракта үч күн мурун башталган массалык башалмандыктар уланууда. Коопсуздук күчтөрү менен кагылышта укук коргоочулардын эсеби боюнча 63 адам каза болду. Алардын ондон ашыгы өлкө борбору Багдадда көз жумган. Жаракат алгандардын саны миңге жетет.

Ишемби күнү Ирактын премьер-министри Адил Абдул Махди Багдаддын көчөлөрүнө жогорку адискөй саналган контртеррористтик аскер бөлүктүн жоокерлерин чыгарууга буйрук берди. Ага чейин абалды жөнгө салууга полициянын күчү жетпей жаткан. Ондогон адамдар кармалганы кабарланды. Кагылыштар өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Эн-Насирия шаарында да орун алды.

Ирактагы өкмөткө каршы демонстрациялар бир нече апта мурун башталган. Анда өлкөдөгү экономикалык абалга нааразы адамдар көчөгө чыгышты. Бул кагылыштардын кесепетинен жалпысынан 200гө чукул адам каза болгону айтылууда.

XS
SM
MD
LG