Окумуштуу-химик, академик Бейшен Иманакунов 90 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу илимпоздун жакындары кабарлашты.
Бейшен Иманакунов Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер, Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Окумуштуу комплекстүү бирикмелер, физика-химиялык анализге бараандуу салым кошкону менен таанымал.
Академик Иманакунов Улуттук Илимдер академиясынын Органикалык эмес жана физикалык химия институтунда узак жылдар бою эмгектенген. Акыркы жылдары Илимдер академиясында Асыл металлдардын химиясы жана технологиясы лабораториясынын башчысы болуп турган.
Иманакуновдун жетекчилиги алдында төрт докторлук жана 36 кандидаттык диссертация корголгон. Окумуштуу 350дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде жети монографиянын, 20дан ашуун ойлоп табуулардын автору.
Академикти акыркы сапарга узатуу зыйнаты 28-октябрда Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын имаратында өтөт. (BkA)