АКШнын президенти Дональд Трамп «Ислам мамлекети» террорчул тобунун лидери Абу Бакр аль-Багдади өлтүрүлгөнүн ырастады. Анын айтымында, Багдади америкалык аскерлердин Сириянын түндүк-чыгышында жүргүзгөн операциясынын натыйжасында жок кылынган.
Трамп бул тууралуу бүгүнкү билдирүүсүндө айтып чыкты. Ага чейин АКШдагы бир нече маалымат каражаты Багдадинин өлтүрүлгөнү тууралуу жазып чыккан.
«Newsweek» басылмасы АКШнын Коргоо министрлигиндеги булакка шилтеме берип, бул операцияны ишке ашырууга АКШнын президенти Дональд Трамп буйрук бергенин жазган.
Маалыматка ылайык, Түркия менен чек арага жакын Идлиб провинциясындагы айылдардын бирине чабуул башталганда Багдади жана анын эки аялы өздөрүн жардырып жиберишкен. Андан соң террорчу жашынган үйгө абадан сокку урулган.
Идлибге чабуул коюлганын Адам укугу боюнча Сирия борбору ырастады. Маалыматка караганда чабуулдан «Ислам мамлекети» террордук тобуна тиешеси бар тогуз адам мерт болгон.
Багдади өлтүрүлгөнү боюнча буга чейин бир нече жолу кабарланган, бирок ырасталган эмес.
«Ислам мамлекети» тобу Ирак менен Сирияда 2014-жылдан тартып басып алган аймактардан сүрүлгөн соң Абу Бакр аль-Багдадинин кайда экени белгисиз болчу.