Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «өлкөнүн 2020-жылга карата республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорун карайт.
Комитет жыйынына финансы министри, экономика министри баш болгон мекеме жетекчилери баяндама жасаш үчүн чакырылган.
Ушул эле күнү парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде да бюджеттин долбоору талкууланат.
Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча, кийинки жылдын бюджетинде киреше 163, 7 миллиард сом болсо, чыгаша 173,6 миллиард сомду түзөт. Ортодогу тартыштык 9,9 миллиард сом болот. (BTo)