Поезд жана автоунаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Боом капчыгайы (131-чакырымында) 28-октябрдан 1-ноябрга чейин саат 9:00дөн 15:00гө чейин маал-маалы менен жабылып турат.
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлагандай, бул аталган автожолдогу таштарды күч менен кулатуу иштерине байланыштуу.
Ишкана бул Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштеринин акыркы жумасы экенин кошумчалады. Жолдо 30-40 автоунаа чогулуп калса иш убактылуу токтотулуп, машинелер өткөрүлүп турат. (BTo)