Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

НАТО Сербия менен Орусиянын машыгуусу боюнча үн катты


Сербиянын танкалары.
Сербиянын танкалары.

НАТО Сербиянын Орусия менен чогуу аскердик машыгуу өткөрүү чечимин "сыйлайт". Бул тууралуу Түндүк атлантикалык альянстын басма сөз кызматы "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна жолдогон катында билдирди.

"Бул Сербия менен Орусиянын иши. НАТО менен Сербия өнөктөш жана биз Сербиянын өз аймагындагы машыгуулар боюнча өз алдынча чечим кабыл алуу укугун сыйлайбыз", - деп айтылат ал билдирүүдө.

Сербия Европа Биримдигине кошулуу ниетин билдирсе да Орусия менен бекем саясий-экономикалык карым-катнашты улантып келет. Белград НАТОго өнөктөш мамлекет болгону менен бул уюмга азырынча мүчө болбой турганын билдирген. Ошондой эле Украина маселеси боюнча Батыштын Москвага киргизген санкцияларына кошулган эмес.

Сербиядагы "Славян калканы" аттуу алты күндүк аскердик машыгуу 29-октябрда жыйынтыкталат. Орусиянын Коргоо министрлиги бул машыгууга биринчи жолу "C-400" жана "Панцирь-С1" комплекстери катышып жатканын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG