Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

Өкмөт ун эки эсе кымбаттаганы жөнүндө маалыматты четке какты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт Кыргызстанда ундун баасы эки эсе көтөрүлгөнү тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаеванын маалыматын четке какты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 28-октябрда тараткан маалымат боюнча, 2018-жылдын 1-октябрында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 23,7 сомду түзгөн.

Быйыл октябрь айында республика боюнча ушундай эле сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 28,1 сом болуп жатат. Жыйынтыгында бир жылдын ичинде биринчи сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 18,4% жогорулады.

Былтыр октябрь айында 2-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 17,7 сом болчу. Учурда экинчи сорттогу 1 килограмм ундун наркы 20,3 сомду түзүүдө. Ошентип, бир жылдын ичинде 2-сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 14,8%га көтөрүлдү.

25-октябрда Жогорку Кеңештеги Кыргызстан Социал-демократиялык (КСДП) фракциясынын жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева 1 килограмм ундун баасы 50 сом болуп жатканын айтып, өкмөттү ундун баасынын негизсиз жогорулашына көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштаган.

Акыркы мезгилде Кыргызстандагы базаларда ун кымбаттады. Айрыкча бул өлкөнүн түштүк аймактарында сезилип, бир кап ундун наркы 300 сомго кымбаттаганы айтылган.

Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөрү Казакстанда буудайдын түшүмү начар болгондуктан баа өскөнүн айтышууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG