Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:11

Кувейт-Ош-Кувейт багыты боюнча аба каттамы ачылды


Ош аэропорту. 28-октябрь, 2019-жыл.
Ош аэропорту. 28-октябрь, 2019-жыл.

«Ош» эл аралык аэропортунда Кувейт-Ош-Кувейт багыты боюнча үзгүлтүксүз жаңы каттам ачылды.

Бүгүн, 28-октябрда Ош аэропортунда «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын ушул багыт боюнча биринчи каттамын салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасы өттү.

Салтка ылайык, Airbus-320 Neo учагын өрт өчүрүүчү машинелерден бүркүп чыгарылган суу аркасы менен тосуп алышты.

Оштон Эль-Кувейт шаарына 139 жүргүнчү учууга катталды.

Авиакаттамдар жумасына эки жолу - дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү жүргүзүлөт.

Кыргызстандын тышкы саясатында араб багыты соңку жылдары мурдагы мезгилге салыштырганда жандуураак жүрө баштады.

Буга чейин Дубай жана Шаржа шаарларына каттамдар ачылган.

Кыргызстандын «Манас» эл аралык аэропорту дүйнөнүн 16 авиакомпаниясы менен кызматташат. (RK)

XS
SM
MD
LG