Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Ошто оорукананын короосунан адамдын сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облус аралык биргелешкен ооруканасынын короосунан 35-40 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди:

- Сөөк оорукананын короосунда 1,5-2 айга жакын убакыттан бери жаткан, аны эч ким байкаган эмес.

Ушу тапта шаардык милиция териштирүү ишин баштаганын басма сөз кызматы билдирди.

Баштапкы кароо учурунда адамга күч колдонулбаганы аныкталды.

Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, экспертиза дайындалды. (MdN)

XS
SM
MD
LG