Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Акматбек Келдибеков сотто «Kyrgyztoday.kg» басылмасын утту


Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун «Kyrgyztoday.kg» басылмасына карата доо арызын карап, чечим чыгарды.

Ар-намысына шек келтирилгенин айткан саясатчы басылмадан 1 миллион сом өндүрүп берүүнү соттон суранган. Сот жагдайды териштиргенден кийин Келдибековдун кызыкчылыгына 30 миң сом өндүрүп алуу жөнүндө чечим чыгарганын 28-октябрда «Азаттык» радиосуна «Kyrgyztoday.kg» басылмасы билдирди.

Келдибековдун басма сөз катчысы Алтынай Ормотоева сот туура чечим кабыл алганын белгилеп, апелляциялык арыз жазылабы же жокпу, азырынча юристтер чече элек экенин айтты:

- «Kyrgyztoday.kg» басылмасы Акматбек Келдибековдун ар-намысына шек келтирген маалымат сотто төгүндөлдү. Биз мыйзам талаасында басылма чындыкка төп келбеген, далилсиз маалымат таркатканын далилдей алдык. Ал эми бул чечимге карата кийинки инстанцияга даттанган арыз беребизби, муну убакыт көрсөтөт.

Ормотоеванын айтымында, басылмадан өндүрүлө турган каражат толугу менен жетим балдар үйүнө которулат.

Ал эми «Kyrgyztoday.kg» басылмасы апелляциялык арыз жазат. Бул тууралуу басылманын жетекчиси Бегалы Наргозуев билдирди.

Наргозуевдин айтымында, басылма Келдибековду «коррупция үчүн айыпталган» деп жазган.

- Ал эми Келдибеков «коррупционер деп жазды» деп сотко берди. Сот да ошондой чечим кабыл алды. Биз сот туура эмес чечим чыгарды деп эсептейбиз, - деди басылма ээси.

Келдибеков «Kyrgyztoday.kg» сайтын сотко 2018-жылдын декабрында берген. (RK)

XS
SM
MD
LG