Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

Брекзиттин мөөнөтү эмки жылдын 31-январына жылат


Брекзитке каршы чыккандар парламент алдында. Лондон, 27-октябрь, 2019-жыл.
Брекзитке каршы чыккандар парламент алдында. Лондон, 27-октябрь, 2019-жыл.

Европа Биримдиги Брекзиттин мөөнөтүн келаткан жылдын 31-январына жылдырууга макул болду. Бул тууралуу «Твитттерге» Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск жазды. Тиешелүү расмий документ дүйшөмбүдө кабыл алынмакчы. Британ парламенти шаркеттен чыгуу боюнча келишимди ошол датага чейин ратификацияласа, анда Брекзит 31-январдан эрте ишке ашмакчы.

Адегенде Британия Евробиримдиктен 29-мартта чыгары пландалган, бирок үчүнчү жолу жылдырылып отурат.

Британ премьери Борис Жонсон Брекзитти которууга каршы болуп, 31-октябрда келишимсиз болсо да өлкөнү чыгарып кетүүгө убада берген. Бирок парламент мөөнөтүн жылдырууга милдеттендирди.

Дүйшөмбүдө британ парламенти Жонсондун мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү тууралуу сунушун талкууламакчы. Сунушту жактырыш үчүн оппозициядагы лейбористтердин макулдугу зарыл. Бирок партия премьерден өлкө шаркеттен келишимсиз чыкпайт деген кепилдикти талап кылууда.

Эрте шайлоо өтпөсө, анда парламент Брекзит тууралуу келишимди ратификациялоо маселесин талкуулоого кайтмакчы. Макулдашууга ушул айдын орто ченинде жетишилген.

XS
SM
MD
LG