Ооганстандагы куралдуу “Талибан” кыймылынын делегациясы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасына катышуу үчүн Кытайга барды. Бээжин акыркы кезде Ооганстандагы зомбулукту токтотуп, 18 жылдык согушка чекит коюуга багытталган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жигердүү аралаша баштады.
Кытай сүйлөшүүлөр өтө турганын расмий жарыялаган эмес, бирок Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чунин Ооганстандын тынчтык жараянына жардам берүүгө Бээжин даяр экенин айткан.
Ооганстандагы "Tolo News" телеканалынын өз булактарына таянып кабарлашынча, Кытайдагы жыйында президент Ашраф Гани жети пунктан турган “тынчтык жана жарашуу планын” сунуштайт.
Согушту токтотууга багытталган, оогандардын ич ара диалогу деп аталган жыйын акыркы жолу июлда, Катардын борбору Дохада өткөн.
Оогандардын өз ара диалогу «Талибан» кыймылы менен ооган өкмөтүн жараштырууну көздөйт. Бирок талибдер Ооганстандын өкмөтүнүн делегациясынын мүчөлөрү расмий бийлик өкүлү катары эмес, ар бири өз атынан гана катыша турганын билдирүүдө.
“Талибан” кыймылы Кабул өкмөтүн "Батыштын кол баласы" деп атап, алар менен бетме-бет отурган тикелей сүйлөшүүлөрдөн баш тартып келе жатат.
Быйыл сентябрь айында АКШнын президенти Дональд Трамп тынчтык сүйлөшүүлөрүн токтотуп койгон болчу. Буга себеп катары талиб согушкерлеринин чабуулунан америкалык аскердин курман болушун атаган. Андан кийин талибдер алдын-ала макулдашылган тынчтык келишиминин талаптарын аткарууга даяр экенин билдиришкен.