Бүгүн Свердлов райондук сотунда Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин кароо уланды.
Соттолуучулардын бири, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков негизги деп эсептеген эки күбө келмейинче сотко катышуудан баш тартып, түшкө чейин сот залына кирбей койду.
Судья Инара Гилязетдинова соттолуучунун жана анын адвокаттарынын мындай аракетин «цирк» деп атап, коомчулукту адаштырбоого чакырды:
- Сот Жазык-процесстик кодекстин талаптарын жакшылап аткаруу менен иштеп жатат. Ар бир чыгарган токтомубуз негизделген. Эгер талашып-тартышкыңар келсе, укуктук негизден чыкпагыла. Цирк уюштуруп, коомчулукту, журналисттерди адаштыруунун кереги жок.
Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, Исаковду бүгүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери күчтөп алып барышты. Муну жактоочу мыйзам бузуу деп атаган.
- Адамды сотко мажбурлап алып келүү тууралуу токтомду соттук приставдар аткарышы керек болчу. Бул жерде УКМКнын кызматкерлери күч колдонуу менен алып келиптир. Бул мыйзамга туура келбейт.
25-октябрда Исаков кармалып отурган УКМКнын тергөө абагынан чыгуудан жана сот отурумуна катышуудан баш тарткан. Муну айрым күбөлөр суралбай жатканына нааразылыгын билдирүү катары түшүндүргөн.
Мындан соң сот Исаковду мажбурлап алып келүү жөнүндө токтом кабыл алган.
ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш ишине байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов былтыр камакка алынган.
Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган. (RK)