Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Орусия: Ири жол кырсыгынан жабыркагандар арасында кыргыз жарандары жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда ири жол кырсыгынан жабыркагандар арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу 28-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Новосибирск шаарындагы Башкы консулдуктун маалыматына таянып кабарлады.

26-октябрда Алтай крайынын “Барнаул-Рубцовск” федералдык унаа жолунун 74-чакырымында “Фиат Дукато” үлгүсүндөгү кичи автобус менен “Ниссан” үлгүсүндөгү автоунаа сүзүшкөн. Натыйжада сегиз адам каза болуп, дагы сегиз адам ар кандай деңгээлдеги жараат алган.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет жакта мигрант болуп жүрөт. Москвадагы кыргыз элчиси Аликбек Жекшенкулов «Азаттыкка» алардын көбү Орусияда экенин билдирген.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү орус жарандыгын алган 500 миңдей кыргызстандык бар. (RK)

XS
SM
MD
LG