Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралды.
Бүгүнкү отурумда үч күбө - Сайдулла Нышанов, Асия Сасыкбаева жана Данияр Нарымбаев көрсөтмө беришти.
Жактоочу Таалайгүл Токтакунованын айтымында, үчөө тең соттолуучуларды актаган көрсөтмө беришти.
Буга чейинки отурумда, 17-октябрда тогуз күбө сурак берип, алар да соттолуучуларды колдоп сүйлөшкөн.
Текебаев менен Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Айыптоочу тарап окуя 2010-жылдын 13-майында Бишкекте болгонун жүйө келтирген.
Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалаган.
Жогорку сот быйыл 21-августта ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон. Иш райондук сотто кайра каралууда. (RK)