Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Канат Исаев Ширин Айтматованы сотко берерин айтты (видео)


Канат Исаев жана Ширин Айтматова.

«Кыргызстан» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев анын аты аралашкан Токмок шаарында сатылып кеткен китепкана боюнча, «Үмүт 2020» кыймылы жасаган иликтөөгө байланыштуу кыймылдын жетекчиси Ширин Айтматованы сотко берет.

Бул тууралуу ал 28-октябрда, «Азаттыктын» «Эки бир» эксклюзив маегинде билдирип, ал мэр болуп турганда сатылды делген китепкананын чоо-жайы тууралуу айтып берди.

- Мен Токмок шаарын башкарып турганда биз китепкананы саткан жокпуз. Биз мурунку китепкананы саттык. Мыйзам боюнча китепкананы сатканга тыюу салынган. Ал эми 2008-жылдын 13-мартында мага чейинки мэр Арзымат Сулайманкуловдун кайрылуусу менен Токмок шаардык кеңеши китепкананы маданий имараттардын тизмесинен чыгарып жатат. Ошол эле токтом менен шаардык кеңеш 2-пункт менен менчиктештирүүгө кете турган имараттарды аныктап, анда «мурунку китепкана» деп турат. Мен Токмок шаардык кеңешинин токтому чыккандан кийин жарым жылдан соң мэр болуп бардым. Демек, мен китепкананы саткан жокмун. Мурунку китепкананы сатып атам, - деди Исаев.

Ал сатылып кеткен мурдагы китепкана тарыхый архитектуралык баалуулуктардын тизмесине кирбегенин, ал сотто да аныкталганын билдирди. «Үмүт 2020» кыймылы тараткан видеотасмада айтылгандарды «курулай ушак» деп, Айтматованы сотко берерин жана элге таркаган ал маалыматтар жалган экенин далилдей турганын кошумчалады.

«Үмүт 2020» кыймылы 26-октябрда «Канат Исаевдин китепкана иши» деп аталган 15 мүнөткө жакын иликтөөсүн жарыялаган. Анда Токмок шаардык кеңеши 2008-жылдын 13-мартында, 1912-жылы Кыргызстанда биринчилерден болуп ачылган китепкананы башка категорияга которуп салганы айтылган.

Кийин 2010-жылдын 9-апрелинде Токмоктун ошол кездеги мэри Канат Исаев аянты 550 чарчы метр китепкананы 572 116 сомго сатып жибергени сөз болот. Айтматова Исаев шаардагы бирден-бир архитектуралык имаратты сатып жибергенин айыптаган. Андан тышкары ошол учурда шаардык бийликте отурган бир катар жетекчилердин да аты аталган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (36)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG