Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:30

ИМ тобунун басма сөз катчысы жок кылынды


«Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун мүчөлөрү деп шек саналган адамдар. Сирия, 14-март, 2019-жыл.
«Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун мүчөлөрү деп шек саналган адамдар. Сирия, 14-март, 2019-жыл.

Күрд кошуундары баштаган «Сириянын демократиялык күчтөрү» «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун басма сөз катчысы АКШ менен биргелешкен операция учурунда жок кылынганын билдирди.

Маалыматка караганда, мындай операция АКШнын президенти Дональд Трамп 27-октябрда уюмдун лидери Абу Бакр ал-Багдади америкалык аскерлер тарабынан Сириядагы рейд маалында өлтүрүлгөнүн жарыялагандан көп узабай ишке ашкан.

«Сириянын демократиялык күчтөрүнүн» командачысы Мазлум Абди «Твиттерге» жазганына караганда, басма сөз катчы Абу Хасан ал-Мухажир Түркия менен чек арага жакын жердеги айылда жок кылынган.

«Сирия обсерваториясы» укук коргоо уюму Мухажирдин өлүмүн бышыктап аны менен кошо дагы төрт жихадчы өлгөнүн кошумчалады.

Президент Трамп жогоруда сөз болгон рейд учурунда көптөгөн жоочу жок кылынганын, ал-Багдади туннелде курчоого алынган учурда өзүн-өзү жардырып жибергенин айткан.

XS
SM
MD
LG