Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:54

Бишкекте адамдын жүзүн тааный турган 60 камера орнотулат


«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары. Иллюстрациялык сүрөт.
«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары. Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков эл аралык донорлордун жардамы менен Бишкекке адамдын жүзүн тааный турган 60 видеокамера алып келинип, орнотулуп жатканын айтты.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул иштер Бишкекте түзүлгөн «Командалык борборду» ишке киргизүүнүн алкагында аткарылып жатат. Министрлик аталган борбордун максаты - кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыздоо экенин кабарлады.

Ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоору боюнча 306 жерге видеокамера орнотуу пландалууда. Бул проекттин алкагында Бишкек шаарынын алты кичи районунда «Коопсуз район» долбоору ишке кирип, 72 камера коюлду. Жакын арада Бишкектин 11, 12 жана «Асанбай» райондоруна да видеокамераларды орнотуу каралууда.

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы быйыл февралда башталып, анда «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Долбоордун экинчи баскычын кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы 2 654 558 940 сомго ишке ашырат. (BTo)

XS
SM
MD
LG