Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:17

Токтонасыров Конгантиевдин аты көчөгө коюлганына каршы акцияга чыгат


Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Көк-Жар конушунда «Милициялар шаарчасындагы» көчөгө мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аты коюлганына каршы 29-октябрда Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыгат.

Ал Конгантиевдин ысымын көчөгө ыйгаруу боюнча Көк-Жар айылдык кеңешинин токтомун жокко чыгарууну, айыл өкмөттүн башчысы менен айылдык кеңештин төрагасынын кызматтан кетишин талап кылат.

- Алар 2010-жылдагы революцияны, анда курман болгон баатырларды шылдыңдап жатышат. Эмне үчүн ушундай шалаакылык менен өзүм билемдикке жол берилет? Бизде мыйзам иштебейби? Президент менен эл өкүлдөрү буга көңүл бурушу керек, - деди Токтонасыров.

Молдомуса Конгантиевдин аты Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Көк-Жар конушундагы «Милициялар шаарчасындагы» көчөгө 2018-жылы эле коюлганы белгилүү болгон.

Аталган айылдын башчысы Эдил Жумалиев Конгантиевдин аты мурдагы жетекчинин тушунда айылдык кеңеш аркылуу ыйгарылганын, анын атын коюуну жергиликтүү тургундар сураганын билдирген.

Милициянын генерал-лейтенанты Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон.

Анын 2010-жылдагы апрель окуяларындагы аракеттерине байланыштуу козголгон кылмыш иши кыскарып кеткени былтыр ачыкка чыккан. Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.

Иш кайра сотко өткөрүлүп, прокуратура Молдомуса Конгантиевди алты жылга камап, 100 миң сом айып пул салууну суранган. Жактоочу тарап анын күнөөсүз экенин айтып, актоону өтүнгөн. Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 5-июлда Молдомуса Конгантиевди кайра актаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG