Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

ИМ тобунун лидери Багдадинин сөөгү сууга чөктүрүлдү


Ирактыктар Багдадинин өлүмү тууралуу айтылган жаңылыктардын чыгарылышын көрүп жатышат. 27-октябрь, 2019-жыл.
Ирактыктар Багдадинин өлүмү тууралуу айтылган жаңылыктардын чыгарылышын көрүп жатышат. 27-октябрь, 2019-жыл.

Өткөн ишемби күнү Сирияда өлтүрүлгөн «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобунун лидери Абу Бакр ал-Багдадинин сөөгү деңизге чөктүрүлдү. Бул тууралуу CNN телеканалы Пентагондун эки өкүлүнө шилтеме кылып билдирди.

Ал-Багдади ишемби күнү Сирия менен Түркиянын чек арасындагы атайын операцияда өлтүрүлгөн. Жекшембиде АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О’Брайен NBС телеканалынын эфиринде сүйлөп, ИМ лидеринин сөөгү Усама бен Ладендики сыяктуу эле сууга чөктүрүлө турганын айткан. Ал мындай чечимди террорчунун көрүстөнүн сыйынуучу жайга айлантпоо аракети менен түшүндүрдү.

Дүйшөмбү күнү АКШнын президенти Дональд Трамп Багдадини өлтүрүү боюнча жүргүзүлгөн атайын операциядагы видеонун үзүндүлөрүн жарыялоого убада берип, «Твиттерге» операцияга катышкан иттин сүрөтүн чыгарган.

АКШнын штаб жетекчилеринин бирдиктүү комитетинин төрагасы Марк Милли операциядагы сүрөттөр менен видеолор ачыкка чыгаруу процессинен өтүп жатканын билдирди. Анын айтымында, операциянын жүрүшүндө америкалык аскерлер эки адамды тирүү колго түшүргөн. Азырынча алардын аты-жөнү айтыла элек.

Абу Бакр ал-Багдади 1971-жылы Ирактын Самарра аймагында туулган. Дин илимин окуп, 2004-жылы америкалык аскерлерге каршы кутум уюштурган деген айып менен соттолгон. Эркиндикке чыккандан кийин көмүскө иш алып барган жихад уюмуна кошулуп, көп өтпөй аны башкарып калган. 2014-жылы өзүн бардык мусулмандардын лидери - халиф деп жарыялаган. Анын жетекчилиги алдында «Ислам мамлекети» Ирак менен Сириянын аймактарынын кыйла бөлүгүн өзүнө каратып алган.

XS
SM
MD
LG