Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Казакстанда 72 бөкөндү атып өлтүргөн браконьерлер изделүүдө


Мүйүзү арааланып, талаага ташталган бөкөн.
Мүйүзү арааланып, талаага ташталган бөкөн.

Казакстандын Караганда облусунун Нура районунда «Охотзоопром» мамлекеттик ишканасынын инспекторлору менен полиция кызматкерлери атып өлтүрүлгөн 72 бөкөндү табышты.

Маалыматтарга караганда, браконьерлер алардын мүйүздөрүн араалап алып кетишкен.

Учурда бөкөндөрдү өлтүргөн адамдарды аныктоо жана колго түшүрүү иштери жүрүп жатат. Бул максатта облустук ички иштер органдары толук курамда ишке тартылып, блокпосттор коюлган. Учурда шектүү автоунаалар текшерилип жатат.

Быйыл январь айында Нура районунда браконьерлер тобун колго түшүрүү маалында «Охотзоопром» ишканасынын корукчусу Ерлан Нугалиев өлтүрүлүп, анын шериги Петр Ницык катуу жаракат алган. Бул иш боюнча сот отуруму 31-октябрга белгиленген.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG