Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 17 жаштагы кызды зордуктоого шектүү катары 49 жаштагы өгөй атасы кармалып, эки айга камакка алынды.
Облустук милициянын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, 17-октябрда арыз менен кыздын апасы ички иштер органына кайрылган.
Зордуктоо фактысы менен иш бирдиктүү реестрге катталып, соттук- медициналык экспертиза дайындалып, тергөө жүргүзүлүүдө.
Бул маселе Кара-Көл шаардык кеңешинин сессиясында да талкууланып, окуяга кабылган үй-бүлө социалдык жактан колдоого муктаж экени айтылды жана ага көмөк көрсөтүү тийиштүү мекемелерге тапшырылды.
Жабыркаган кыз учурда психологдордун кароосунда турат. (RsK)