Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Чүйдүн Көк-Жар айылындагы көчөлөрдүн бирине мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылышына каршы нааразылыгын уланта берерин айтууда.
Бүгүн ал Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыкканын, бирок тартип коргоо кызматкерлери ага тоскоолдук кылууга аракет кылганын «Азаттыкка» билдирди:
- Көчөгө Конгантиевдин ысымын ыйгарган чечим жокко чыгарылсын. Айылдык кеңештин ошондой токтом токуган мыкчыгерлери кызматтан кетиши керек. Бул – революцияны жокко чыгаргандык, байкуш балдардын арбагын сыйлабагандык.
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Эдил Жумалиев мындай чечим 2018-жылы мурдагы жетекчинин тушунда айылдык кеңеште кабыл алынганын, Конгантиевдин атын коюуну жергиликтүү тургундар суранганын билдирген.
Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон.
Анын 2010-жылдагы апрель окуяларындагы аракеттерине байланыштуу козголгон кылмыш иши кыскарып кеткени былтыр ачыкка чыккан. Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.
Иш кайра сотко өткөрүлүп, прокуратура Конгантиевди алты жылга камап, 100 миң сом айып пул салууну суранган. Жактоочу тарап ал күнөөсүз экенин айтып, актоону өтүнгөн.
Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 5-июлда Конгантиевди кайра актаган.
Көчөнүн аты тууралуу соңку билдирүүлөргө Конгантиев тарап азырынча эч кандай комментарий бере элек.
2010-жылы Кыргызстанда элдик толкундоолордон кийин бийлик алмашып, 90го жакын адам окко учкан. (RK)