Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Финпол: Пара үчүн кармалган тергөөчү кызматташууга макул болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Свердлов райондук милициясынын кылмышка шектүү тергөөчүсү тергөө менен кызматташууга макул болду. Азыр ал үй камагында.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз катчысы Анастасия Пискур кабарлады:

- 25-октябрда ыкчам тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында Туңгуч кичирайону жактагы Анкара көчөсүнөн Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды. Кылмышка шектүү күнөөсүн толук бойдон мойнуна алып, кызматташууга ниетин билдирди.

Кылмыш иши Жазык кодексинин «Пара талап кылуу» беренесинин негизинде козголгону маалым болду.

Финполго арызданып кайрылган аял мурдагы күйөөсү менен машина талашып жатканын, тергөөчү аны менен сүйлөшүп алып, ишти бүтүрүп бериш үчүн пара талап кылып жатканын билдирген. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Мамлекеттик каттоо кызматы тараткан маалымат боюнча, 2018-жылдын тогуз айында эле Кыргызстанда 7,5 миң үй-бүлө бузулган. Бул 2017- жылдын ушул мезгилине карата 2,5 миңге көп.

Күч органдарындагы коррупция маселеси өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин күн тартибине чейин чыккан. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG