Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Кыргоолго аңчылык кылуунун чеги аныкталды


Кыргоол.
Кыргоол.

Кыргызстанда кыргоолго, ондатрга жана уларга аңчылык сезону расмий ачылды. Бул тууралуу бүгүн 29-октябрда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады.

Өкмөттүн 2015-жылдагы токтому боюнча бул аңчылык сезону декабрдын биринчи жекшембисинде аяктайт.

Агенттик аныктаган чекке ылайык, кармалган кыргоол 4250, улар 1200 жана ондатр 1500дөн көп болбошу керек.

Иш-чаранын максаты жапайы жаныбарлар жана канаттуулар ресурсун сарамжалдуу пайдалануу, аларды коргоо жана аңчылыкты көзөмөлдөө экени айтылды.

Бүгүнкү күндө, агенттиктин маалыматына караганда, Кыргызстандын аймагында кыргоолдун саны 32 миңге жакын, улар 28 миңдин, ал эми ондатр 20 миңдин тегерегинде. (RK)

XS
SM
MD
LG