Линктер

шаршемби, 13-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:42

Министр: Орусиянын, Казакстандын, Беларустун машинелерин сатып алабыз


Санжар Муканбетов.

Экономика министри Санжар Муканбетов 29-октябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде Кыргызстан эми Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдөн чыккан автоунааларды да сатып ала баштарын билдирди.

Ал бул тууралуу 2020-жылдан тарта ЕАЭБден тышкары үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген машинелерден алынчу бажы алымдары боюнча депутат Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып айтты.

- Биз эми ЕАЭБге мүчө Орусиянын, Казакстандын, Беларустун автоунааларын сатып ала баштайбыз. Беларуста трактор, троллейбус, автобус жана оор техникалар чыгарылат. Алар «достор, биз бир биримдикте жашап жатабыз. Келгиле, биздин да өндүрүштөн чыккан машинелерди алгыла» дешти. Булардыкы да туура.

Муканбетов ЕАЭБге кирген мамлекеттерде биримдиктен тышкары өлкөлөрдөн ташылып келип жаткан автоунаалар чыгарын кошумчалады.

Андан тышкары кыргыз өкмөтү автонунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап туруу боюнча ЕАЭБ өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

Мамлекеттик бажы кызматы 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктай турганын жарыялаган. Ушундан улам 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кескин көбөйөт.

Мисалы, учурда 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү 1250 доллар болсо, 2020-жылдан тартып ушундай эле машиненин бажы төлөмү 13 600 долларга чыгат.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) 2015-жылы киргенден кийин машинелер үч жыл бою биримдиктин алкагындагы төлөмдөр менен ташылган. 2018-жылы кыргыз өкмөтү Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтып, электромобилдерге нөлдүк төлөм койгон. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (39)

XS
SM
MD
LG