Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Бешкенттеги киши өлүмүнө шек саналган жаран кармалды


Баткендин Лейлек районундагы Бешкент айылында 25 жаштагы жигитти атып өлтүрүүгө шек саналган адам кармалып, сурак берди.

Ал ошол эле айылдын 48 жаштагы тургуну экенин Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Баштапкы маалыматка караганда, аны 27-октябрга оогон түнү үйүнөн сыртка чыгып, кайра кирип баратканда артынан атышкан. Жабырлануучу ооруканага жетпей көз жумган.

Лейлек райондук милициясы 28-октябрда кылмышка шек саналган жаранды кармаган. Милиция анын жанынан белгисиз үлгүдөгү сайсыз курал чыкканын маалымдаган. Факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен сотко чейинки өндүрүш башталды. (SE)

XS
SM
MD
LG