Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:42

Казак президенти чет өлкөлүктөрдү каттоону жоюуну сунуштады


Казакстандагы туристтер.
Казакстандагы туристтер.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев кыска мөөнөттө чет өлкөлүктөрдү миграциялык органдарда каттоо талабын алып таштоону сунуштады.

Токаев Алматы шаарын өнүктүрүү маселесине арналган жыйында сөз сүйлөп жатып, инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн бул сыяктуу эски эрежелердин калдыгынан арылуу керектигин айтты.

Казакстан президенти каттоо коррупциянын бир булагы экенин белгилеп, туристтерди чек ара көзөмөлүнөн өткөрүү жараяны жетиштүү экенин билдирди.

Токаев туристтерди каттоону жаңы жылга чейин жоюуну тапшырды.

Мыйзам боюнча учурда Казакстанга келген чет өлкөлүк жарандар беш күн ичинде ички иштер бөлүмдөрүнө барып, милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү зарыл. Каттоодон өтпөгөндөргө 100 доллар айып пул салынып, өлкөдөн чыгарылат. Казакстан Ички иштер министрлиги апрелде айып пулдун өлчөмүн азайтууну сураган.

Казакстан Статистика комитетинин маалыматына караганда, 2018-жылы өлкөгө 8,5 млн. чет өлкөлүк жаран келип кеткен. Алардын ичинен 81 миңи гана “туризм” деген графаны белгилеген.

XS
SM
MD
LG