Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 22-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 16:37

Шыкмаматов: 400 тонна уран сырьёсу комбинатка ташылып барган


Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатына Кызыл-Омполдон уран ташылып барганы үчүн тийиштүү мекемелерди жоопко тартса болот деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргызстанда уран казууга тыюу салуучу мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтты:

- "Кыргызстандагы ЮрАзия" компаниясы чалгындоого лицензия алган, бирок 400 тонна сырьёну Кара-Балтага алып барып иштеткен. А силер унчуккан жоксуңар. Бул үчүн баарыңарды кылмыш жообуна тартса болот. Анткени алар чалгындоого гана лицензия алган. Уран барбы ошол жерде же жокпу деп изилдеши гана керек болчу.

Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик комитет депутаттын мындай дооматын негизсиз деп эсептейт. Мекеменин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраевдин айтымында, технологиялык үлгү катары алууга тыюу салынган эмес:

- 400 тонна концентрат алган. Анын ичинде уран 0,3% гана. Технологиялык изилдөө жүргүзүү үчүн гана үлгү иретинде алынган. Буга уруксаты бар болчу.

Бүгүн Жогорку Кеңеште уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбоору үчүнчү окууда талкууланып жатат.

Экинчи окууда документке 98 депутат «макул» деп добуш берген.

Апрель айында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон. Парламент «кен иштетилбесин» деген токтом кабыл алган. Президент Сооронбай Жээнбеков мындан ары уран казылбай турганын айткан. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (12)

XS
SM
MD
LG