Кыргызстан саламаттык сактоо коопсуздугу боюнча 195 өлкөнүн арасында 47-орунду ээледи. 2019-жылга карата Глобалдык саламаттык коопсуздугу индекси рейтингин АКШдагы Жон Хопкинс университетинин Блумберг коомдук саламаттык мектеби чыгарды.
Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн арасынан Балтика мамлекеттеринен, Грузия жана Армениядан кийинки орунду ээлеп, жакшы көрсөткүчкө жеткен мамлекеттердин катарында турат.
Тажикстан менен Түркмөнстан 130, 135-орундарды ээлеп, абалы начар өлкөлөрдүн катарына кирди.
Орусия 63, Казакстан 83, Өзбекстан 116-тепкичте.