Кыргызстанда бүгүнкү күндө уран калдыгы көмүлгөн 92 объект бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште уран казууга каршы мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтылды.
92 объекттин 60ы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында.
Радиоактивдүүсү 6 миллион куб метрден ашык көлөмдө.
Бүгүн парламент “Кыргыз Республикасында геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө байланыштуу иштерге тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөттү. Демилгечилер – депутаттар Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, Канатбек Керезбеков.
Быйыл жазында Ысык-Көл облусуна караштуу Тоӊ районунун аймагындагы Кызыл-Омпол жергесинде жайгашкан уран кенин жабуу маселеси кызуу талкууланган.
Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда уран кендерин чалгындоого, казууга, иштетүүгө 17 лицензия берилген.
Анын ичинде алты лицензия уран кенине байланыштуу, калганы радиоактивдүү заттарды коштогон элементтерге тийиштүү.
Сегиз уран кенинин үчөө Ысык-Көл аймагында, төртөө Чүйдө, бирөө Баткен аймагында жайгашкан. (RK)