Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:51

Орусиялыктардын көбү Кыргызстанды тилектеш мамлекет деп санабайт

Кыргызстан менен Орусиянын желектери.
Кыргызстан менен Орусиянын желектери.

Коомчулуктун пикирин изилдеген жалпы орусиялык борбор Орусия менен башка мамлекеттердин мамилесине байкоо жүргүздү.

Жарандардын 45% Орусия менен достугу, тилектештиги эң мыкты деп Кытайды эсептешет. Андан соң Беларус (30) жана Казакстан (21). Алдыңкы ондукта Сирия (13%), Түркия (13%), Франция (10%), Индия (10%), Германия (9%), Венесуэла (5%) жана Финляндия (5%) бар.

Орусиялыктардын 4% гана Кыргызстан менен мамилени мыкты деп ойлошот.

Сурамжылоого катышкандардын 67% АКШ менен мамиле чыңалган деп эсептешет. Бул көрсөткүч бир жыл мурункуга караганда 8 пайызга төмөн. Ымала начар деп саналган мамлекеттердин экинчи сабында Украина (53%), үчүнчү катарында Улуу Британия (25%) турат.

XS
SM
MD
LG