31-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Калган аймактарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;
Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;
Нарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 20…22° градус болот.