Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

АКШда мыйзамчылар «армян геноцидин» тааныды


Арменияда жыл сайын 24-апрелде Осмон империясындагы кандуу окуялар эскерилет. 24-апрель, 2019-жыл.

АКШда Өкүлдөр палатасы 29-октябрда XX кылымдын башында Арменияда Осмон империясынын тушунда "тукум курут болгонун" тааныган резолюция кабыл алды. Милдеттүү түрдө аткарууга жатпаган бул документти 405 конгрессмен колдоп, 11и каршы болду.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Анкаранын Сириядагы жортуулуна байланыштуу америкалык когрессмендер "өч алып жатат" деп билдирип, мындай чечимди кескин айыптады. Конгресс "тарыхты саясий максатта колдонуп жатат" деп айтты.

Армения «1915-жылы Осмон империясы армяндарды тукум курут кылган жана анда 1,5 миллиондой киши кырылган» деп билдирип келет. Түркия болсо «геноцид» деген аныктаманы караманча четке кагып, 1,5 миллион армян өлгөн деп ашыра айтылган сан экенин, адамдардын көбү ачарчылыктан кырылганын, кагылышта эки тарап тең бирдей жоготууга учураганын жүйө келтирет.

"Армян геноцидин" буга чейин Орусия, Германия, Франция жана Канада өңдүү бир катар өлкөлөр тааныган. АКШ бийлиги буга чейин 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу "геноцид" деген сөздү колдонуудан чебердеп келген.

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG