Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы "Адилет Орусия" фракциясы интернет аркылуу баңгизат колдонууга үгүттөп, жарнамалагандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдады. Документ парламенттин төмөнкү палатасынын сайтына жайгаштырылды. Анда мындай кылмыш жасаган адамдарга бир миллион рублга чейин айып салуу же жети жылган эркинен ажыратуу каралган.
Мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө азыркы мыйзамдардагы чаралар "баңгизаттын жайылышын алдын алууга, аны колдонгондорду азайтууга жетишсиз" деп жазылган.
Мунун алдында президент Владимир Путин баңгизат колдонууга үгтүттөгөндөрдүн жазасын күчөтүүнү талап кылган. Анын Кремлдин расмий сайтында жарыяланган сунуштарынын арасында тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керектиги айтылган. Ошондой эле мыйзамсыз баңгизат соодасына каршы күрөшкөн полиция кызматкерлеринин санын көбөйтүү белгиленген.