Жогорку Кеңеш бүгүн экономика тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча өкмөттүн иши жөнүндө маалыматты угуп жатат.
Жыйын учурунда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү быйыл азыраак болгондуктан электр энергиясы менен камсыздоо маселеси көйгөй жаратпайбы деген суроо коюлду.
Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айтмамат Назаров суу жетерлик көлөмдө экенин билдирди:
- Кооптонууга негиз жок. Суу быйылкы кышка жетет. Былтыр 2 миллиарддай ашык болчу. Андан, өзүңүздөр жакшы билесиздер, 750 миллион киловатт/саат өндүрүп, Өзбекстанга экспорт кылганбыз. Быйыл экспорт кылган жокпуз. Өзүбүзгө жетерлик суу бар.
Өкмөттүн маалыматына караганда, Токтогул суу сактагычында ушу тапта 17 млрд. 200 млн. куб метр суу бар. Бул өткөн жылга салыштырганда 1 млрд. 966 куб метрге аз.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, азыркы учурда күн жылуу болгондуктан Нарын облусуна жана өлкө аймагындагы айрым бир жатак билим берүү жайларына гана жылуулук берилүүдө. Бирок жылуулук иштеп чыгуу жайларынын баары кыш мезгилине даяр. (RK)