Линктер

шейшемби, 12-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:23

Сирияда түрк-орус аскерлеринин күзөтү 1-ноябрда башталат


Режеп Тайып Эрдоган.

Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 30-октябрда парламентте кайрылуу жасаганда билдирди. Ал эки өлкөнүн куралдуу күчтөрү Сириянын Түркияга жакын жеринин жети чакырымын чогуу кайтара турганын айтты.

Орусиянын Сочи шаарында 22-октябрда Режеп Тайып Эрдоган менен орус лидери Владимир Путин Анкаранын Сириядагы жортуулуна байланыштуу меморандумга кол коюшкан. Анда Түркия өзү "коопсуз аймак" деп атап алган Сириянын жеринен күрд кошуундарынын чыгып кетишине 150 саат берилген. Бул убакыт ичинде ок атууну токтотуу, андан кийин Түркия жана Орусия аймактагы коопсуз тилкени биргелешип күзөтүү каралган. Анкара менен Москва белгилеген бул мөөнөт 29-октябрда аяктады.

Түркия Сириянын түндүк-чыгышындагы күрд кошуундарына каршы "Тынчтык булагы" операциясын 9-октябрда баштаган. Анкара бул операция аркылуу Сириянын түрк чегине жакын аймагында коопсуз тилке түзүүнү, ал жерге өз аймагындагы сириялык эки миллион качкынды жайгаштырууну көздөөрүн билдирген. Бирок АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Анкаранын аракетин кескин айыпташкан.

17-октябрда Вашингтондун ортомчулугу менен Түркия Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын беш күнгө токтото турууга макул болгон.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG