Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:03

Балбан Жолдошбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты


Улукбек Жолдошбеков.
Улукбек Жолдошбеков.

Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков 23 жашка чейинки балбандар арасында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Мелдеш ушу тапта Венгриянын борбору Будапештте өтүп жатат.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык Улукбек Жолдошбеков эркин күрөштөн 61 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, жалпы төрт беттеш өткөрдү.

Алгачкы беттешинде Жолдошбеков түркиялык Селефатин Сертти, 1/8 финалда украиналык Валентин Белицескийди, чейрек финалда казак балбаны Даулет Тажибайды жеңди. Жарым финалда жапон балбаны Ритаро Хяманы 12:1 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.

Алтын байге үчүн боло турган мелдеште Жолдошбеков индиялык Ранвиндер аттуу балбан менен күч сынашат. Финалдык беттеш бүгүн, 30-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.

Улукбек Жолдошбеков ушул жылдын март айында күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия чемпионатында алтын медал тагынган. (GT)

XS
SM
MD
LG