Орусиянын Коргоо министрлиги Забайкалье крайындагы аскер бөлүктө 25-октябрда өзүнүн сегиз кызматташын атып салган жоокер Рамил Шамсутдинов ур-токмокко кабылган деген доомат такталбаганын билдирди.
"РБК" басылмасы бул мекемедеги ишенимдүү булактарына таянып, ал жоокер аскер бөлүктөгү бир офицер менен чатакташып жүргөнүн, трагедияга ошол себеп болушу ыктымалдыгын жазды. Ага ылайык, сегиз адамдын өлүмү менен аяктаган окуяга байланыштуу аскер жетекчилеринин дагы жоопкерчилиги каралып, кызматтан алуу өңдүү чаралар көрүлөт.
Рамилдин атасы Салим Шамсутдинов уулу ур-токмокко чыдабай ушундай кадмга барганын айтып, Коргоо министрлигин армиядагы "чоңсунган зомбулук" көрүнүшүн жашырып-жазгырып жатат деп күнөөлөдү.
Буга чейин "РИА Новости" маалымат агенттиги өз булагына таянып, ал жоокерди башка кызматташтары мажбурлап пол жуудурганын, ызаланган жоокер колуна мылтык тийгенде аларды атып салганын билдирген.
Рамил Шамсутдинов 28-октябрда камакка алынган. Ушул тушта интернетте жоокерди бошотууга чакырган петиция башталды жана аны 14 миңден ашуун адам колдоду.