Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56

Балбан Улукбек Жолдошбеков дүйнө чемпиону болду


Улукбек Жолдошбеков.
Улукбек Жолдошбеков.

Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, мелдеш ушул күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жатат. Жолдошбеков эркин күрөштөн 61 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, 31-октябрга караган түнү болгон финалдык беттеште индиялык Равиндер Равиндер менен күч сынашып, 5-3 эсебинде жеңип алды.

Кыргыз балбаны дүйнө чемпионатында баш-аягы беш беттеш өткөрдү. Ал таймаштарын 30-октябрда баштаган. Алгачкы беттешинде түркиялык Селефатин Сертти, 1/8 финалда украиналык Валентин Белицескийди, чейрек финалда казак балбаны Даулет Тажибайды жеңди. Жарым финалда жапон балбаны Ритаро Хяманы 12:1 эсебинде ири айырма менен жеңип, алтын байге үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк алган.

Улукбек Жолдошбеков ушул жылдын март айында эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия чемпионатында дагы алтын медаль тагынган. (GT/BTo)

XS
SM
MD
LG