Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:36

Мозамбикте орусиялык беш жалданма аскер каза болгону кабарланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мозамбиктин түндүгүндө радикал исламчылар менен болгон согушта орусиялык «Вагнердин жеке аскердик компаниясына» таандык беш жоокер каза болду. Бул тууралуу «Carta de Mocambique» басылмасы өз булактарына шилтеме кылып жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 27-октябрда Мозамбиктин Кабу-Делгаду провинциясында болгон. Орус жалданма аскерлеринин колоннасы жергиликтүү радикал исламчылардын буктурмасына туш болушкан. Жыйынтыгында өкмөттүк армиянын 20 жоокери жана беш орус жараны каза болгон. Алардын бардыгынын баштары алынган.

Азырынча Орусия Африкадагы жарандарынын өлүмү тууралуу комментарий бере элек.

Мозамбиктин түндүгүндө 2017-жылдан бери өкмөттүк күчтөр жана жихадчылар ортосунда согуш жүрүп келет. Орусия менен Мозамбик өкмөттөрү 2015-жылы аскердик-техникалык жана 2016-жылы аскердик кызматташтык тууралуу макулдашууларга кол коюшкан. Бирок расмий түрдө орус аскерлери Африкадагы бул өлкөгө жөнөтүлгөн эмес.

Октябрдын башында «Carta de Mocambique» басылмасы исламчылардын базасына кол салуу учурунда «Вагнердин жеке аскердик компаниясына» таандык жоокер каза болгонун кабарланган. Анда Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул өлкөдө орусиялык аскерлер жок экенин айткан.

Орусия 2014-жылдан бери Африкадагы 20 өлкө менен аскердик кызматташтык тууралуу келишимдерге кол койгон. Алардын арасында Борбордук Африка Республикасы, Мали, Конго, Руанда жана Мадагаскар бар. Борбордук Африка Республикасында жергиликтүү жоокерлерди «Вагнердин жеке аскердик компаниясынын» кызматкерлери окутуудан өткөрүп келет. Мындан тышкары орусиялык жалданма аскерлер Ливияда, Суданда жана континенттеги дагы 11 өлкөдө байкалган.

XS
SM
MD
LG