Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Жерин мыйзамдаштыра албай жүргөндөр нааразылык акциясына чыгышат


Чүйдөгү Военно-Антоновка айыл өкмөтүнө караштуу жаңы конуш.
Чүйдөгү Военно-Антоновка айыл өкмөтүнө караштуу жаңы конуш.

2012-жылы Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынан жер сатып алып, бирок үй салууга уруксат ала албай келаткан жарандар бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыгышат.

Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган айылдан жер алгандардын бири, Тынчтык аттуу жаран билдирди. Ал 2012-жылы Военно-Антоновкадан «кызыл китеби» менен төрт сотых жер сатып алганын айтты. Бирок айыл өкмөтү сатылган жер айыл чарба багытында экенин негиз кылып, турак жай салууга уруксат берген эмес.

- Бизге жердин «кызыл китеби» берилген, - деди ал. - Ичинде «айыл чарба багытындагы жер» деп жазылып турат. Бирок айыл чарба багытындагы жерге «кызыл китеп» берилбейт да. Бул маселе боюнча барбаган жерибиз калган жок. Өкмөттүн алдына барып, «Боронов, чык эле чык!» деп кыйкырдык. Бирөө да жооп берип койгон жок.

Военно-Антоновка айылынын тургундары ушул жылдын май айында Өкмөт Үйүнүн алдында нааразылык акциясына чыгып, аларды милиция кармап кеткен. Алардын айрымдары 3000 сом айыпка жыгылып, 30дай киши түшүнүк кат жазган.

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы буга Өкмөт Үйүнүн алдында 29-апрелден 11-майга чейин нааразылык акцияларын өткөрүүгө сот тарабынан тыюу салынганын жүйө келтирген.

Айылдын тургундары бүгүн Жогорку Кеңештин алдында болчу акцияга Бишкек мэриясы уруксат бергенин айтышты. (BTo)

XS
SM
MD
LG