Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Карамушкина: Атамбаевдин балдарын куугунтуктоого өттүңөр


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин балдарына карата куугунтук жүрүп жатат деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып билдирди:

- Саясий куугунтук экс-президенттин ишенимдүү үзөңгүлөштөрүнө гана эмес, анын үй-бүлөсүнө жетти. Аскер прокуратурасы мамлекеттик органдарды Атамбаевдин уулунун ишканасын кайра-кайра текшерип турууга мажбурлоодо. Ишкердигине тоскоолдук кылуудан тышкары автокаражаты, батирлери, эсептери камакка коюлду. Эми Атамбаевдин балдарын куугунтуктоого өттүңөр. Напсиңерди качан тыясыңар?

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев быйыл «Коррупция» беренеси менен айыпталып камакка алынды. Азыр ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалууда.

Тергөө Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн качырылышына тиешеси бар деп эсептейт. Соттук териштирүү жабык өтүп жатат.

Буга чейин Карамушкина президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевге кайрылып Атамбаевдин сотун жабык өткөрүү боюнча чечимди анын ак экендигин жашыруу аракети катары баалаган.

Дыйканбаев Карамушкинанын суроосуна жыйын учурунда жооп берген эмес.

Аскер прокуратурасы азырынча депутаттын бүгүнкү дооматына комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG