Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:14

ЖЭБ соту: Артыкбаев Сапар Исаковдон парламентке басым боюнча сурады


ЖЭБ боюнча айыпталуучулар.
ЖЭБ боюнча айыпталуучулар.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция беренеси боюнча жараян уланууда. Анын жүрүшүндө мурдагы премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик айыптоочулардын, адвокаттардын жана башка айыпталуучулардын суроолоруна жооп берип жатат.

Айыпталуучулардын бири, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев Исаковго «ЖЭБди оңдоо боюнча келишимди ратификация кылууда президентке «депутаттар келишимди колдобой коюшу мүмкүн» деген мааниде эмнеге кайрылдыңыз?» деп суроо берди.

Исаков андай каттар президентке дайым эле жазылып жүргөнүн айтып, «бул басым көрсөтүү эмес» экенин билдирди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча Бишкек ЖЭБин жаңылоо алдында ал кезде президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Сапар Исаков президент Алмазбек Атамбаевге кат жазып, долбоор боюнча маалымат берген.

Исаков бул катты жазууда эч кандай жеке кызыкчылыгы болбогонун айтып келет.

Сапар Исаков бүгүнкү соттук жараян ТВЕА компаниясынын өкүлү жок өтүп жатканы туура эмес экенин билдирди. (TSh/BkA)

XS
SM
MD
LG