Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

Атамбаевдин мүлкүнөн маркум офицердин балдарына үй берүү сунушталды (видео)


Үсөнбек Ниязбеков.
Үсөнбек Ниязбеков.

Жогорку Кеңеште Кой-Таш окуясында каза болгон офицердин балдарына колдоо көрсөтүү маселеси көтөрүлдү.

«Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова «ал жоокердин артында эки бала калды» деген маалымат туура эмес экенин белгилеп, алты бала жетим калганын билдирди.

Депутаттын пикиринде, маркумдун балдарынын турак жай маселесин чечүүдө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мүлкүн эске алуу зарыл.

- Камакка алынган мүлкүнөн сөзсүз түрдө алты балага турак жай камсыздоо жагын караштырыш керек. Жардамды эки эмес, алты балага караш керек, - деди ал.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев быйыл кол тийбестик макамынан ажыратылды. Август айында аны Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармоо операциясынын учурунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 175 адам ооруканага кайрылган.

Атамбаев «Коррупция» беренеси боюнча соттулууда. Тергөө ал 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаев түрмөдөн мыйзамсыз бошонуп кетишине айыптуу деп эсептейт.

Атамбаев жана анын тарапкерлери муну саясий куугунтук деп баалап жатышат.

Мурдагы президент азыр УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Анын мүлкү камакка коюлган. (RK)

XS
SM
MD
LG