Венгриянын бийлиги 30-октябрда НАТОнун Украина боюнча биргелешкен декларациясына вето койду. Анткени, Будапешттин көз карашында, анда венгер азчылыгынын укуктары чектелгенин сындаган пикирлер камтылбай калган.
Венгрия Украинанын билим берүү мыйзамы бул өлкөдөгү 125 миңдей венгердин өз тилинде билим алуу укугун чектейт деп эсептейт.
Расмий Киев 2017-жылы кабыл алган мыйзам боюнча мамлекеттик мектептерде билим берүү украин тилинде гана жүргүзүлөт. Аталган мыйзамга ылайык, орус тилинде, ошондой эле венгер жана румын тилинде окутууга чектөө киргизилген.
Ошол эле кезде мыйзам жеке менчик мектептерде же курстарда орус, венгер жана румын тилдерин окутууга тыюу салбайт.
Киев мыйзам эч кимдин укугун чектебей турганын, ал өлкөдөгү бардык жарандар мамлекеттик тилде сүйлөй алышын камсыз кылуу максатында гана кабыл алынып жатканын билдирүүдө.
Будапешт буга чейин да Киев менен Брюсселдин эки тараптуу кызматташтыгындагы негизги аянтча болгон НАТО-Украина комиссиясынын бардык жыйындарына вето койгон. Бирок Брюссел Венгриянын дооматтарын кабыл алган эмес.
НАТО-Украина комиссиясынын кезектеги эки күндүк жыйыны Киевде 30-октябрда башталды.
Бул Орусиянын президенти Владимир Путин Венгрияга жумушчу сапар менен барган учурга туш келди. Венгрия менен Орусиянын алакасы жакшы.