Пакистандын борбордук бөлүгүндөгү Пенжаб провинциясында поездде өрт чыгып, андан кеминде 73 киши каза тапты. Бул маалыматты провинциянын саламаттык сактоо министри Ясмин Рашид ырастады. Жараат алган кыркка чукул адам ооруканага жеткирилди.
Маалыматка ылайык, поезд Пенжабдын түштүк бөлүгүндөгү Рахим Яр Хан шаарчасына жеткенде вагондордун биринде жарылуу болгон. Андан соң өрт башка вагондорго жайылган. Жергиликтүү медиа кабарлагандай, поезд Карачиден Равалпинди шаарына бара жаткан.
Пакистандын бийлиги өрткө айрым жүргүнчүлөр вагонго мыйзамсыз алып кирген газ менен иштеген чакан мештер себеп болгонун билдирүүдө.
Пакистанда темир жолдору чөлкөмдө Британиянын үстөмдүгү күч болуп турган учурда курулган. Инвестициянын жетишсиздигинен улам алардын басымдуу бөлүгү жаңылана элек. Андыктан темир жол кырсыктары тез-тез катталып турат.