Бишкекте «Ынтымактуу конуштар» бир жылдык долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды.
Баш калаанын жетекчилиги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) үч агенттиги менен кошо ишке ашырган долбоор шаар четиндеги конуштарда жашаган аялдар менен балдарды колдоого, алардын коопсуздугун камсыз кылып, билим алышына шарт түзүүгө багытталган.
Ошону менен катар укуктук жардам берүү акциялары да уюштурулду.
Бүгүнкү жыйынтыктоочу жыйында конуштардын эң жигердүү жана демилгелүү тургундарына сыйлык тапшырылды.
Долбоорго Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Бакай-Ата, Ак-Тилек, Рухий-Мурас, Энес-Сай конуштары катышты.
Бишкектин тегерегинде 50 чакты жаңы конуш бар. (RK)