АКШнын Өкүлдөр палатасы 31-октябрда президент Дональд Трампка импичмент жарыялоону баштоо тууралуу резолюцияга добуш берет.
АКШда президентке ишеним көргөзбөө боюнча демилгеге жеткирген саясий жаңжал Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефон сүйлөшүүсүнөн улам чыккан. Атайын кызматтагы баканооз анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген.
Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы Трампты «ыйгарым укугунан аша чапты» деп айыптап, ага импичмент жарыялоону баштоо аракеттерине киришкен. Президент Трамп буга байланыштуу дооматтардын баарын четке кагып келет.
31-октябрда Улуттук коопсуздук кеңешинин Орусия жана Европа боюнча департаментинин башчысы Тимоти Моррисон Өкүлдөр палатасынын үч комитетинин жабык жыйынында конгрессмендердин суроолоруна жооп бериши керек. Моррисон импичмент жарыялоо жараянынын алкагында көрсөтмө берген Ак үйдөгү алгачкы жогорку даражалуу аткаминер болуп калмакчы.
Ал эми Дональд Трамп улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи кызматынан өткөн айда алган Жон Болтон көрсөтмө бериш үчүн кийинки жумага чакыртылды. Бирок анын адвокатынын CNN телеканалына айтканына караганда, Болтон соттун чечимисиз көрсөтмө берүүгө келбейт.