Атайын кызматтын айрым аракеттерин Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачылыгынын жетекчиси, генерал Кеннет Маккензи түшүндүрүп берди. Анын айтымында, «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук уюмунун ана башчысы Ал-Багдади атайын кызмат чабуул койгондо туңгуюктуу туннелден чыга албай калып, өзүн жанкечтинин куру менен жардырып жиберген. Аны менен кошо эки баласы да мүрт кеткен. Андан тышкары жанкечтинин курун тагынган төрт аял жана бир эркек киши да өздөрүн жардырган.
Генерал операцияда жалпысынан канча согушкер жок кылынганын тактаган жок. Ал ошондой эле буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп сүрөттөгөн Багдадинин өмүрүнүн акыркы секундаларындагы абалын да ырастаган жок. Трамп жекшембидеги билдирүүсүндө террордук топтун лидери өзүн жардырардын алдында «иттей үрүп», ыйлап, кыйкырганын айткан. Генерал Маккензи өлтүрүлгөн адам чын эле Ал-Багдади экенин ырастаган аскердик чалгын эксперттеринин бүтүмүн көрсөттү.
Абу Бакр ал-Багдади 1971-жылы Ирактын Самарра аймагында туулган. Дин илимин окуп, 2004-жылы америкалык аскерлерге каршы кутум уюштурган деген айып менен соттолгон. Эркиндикке чыккандан кийин көмүскө иш алып барган жихад уюмуна кошулуп, көп өтпөй аны башкарып калган. 2014-жылы өзүн бардык мусулмандардын лидери - халиф деп жарыялаган. Анын жетекчилиги алдында «Ислам мамлекети» террордук тобу Ирак менен Сириянын аймактарынын кыйла бөлүгүн өзүнө каратып алган.